Бишкек шаарында быйыл 127 көчөдө жол куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары, 29 көчөдө тротуарлар оңдоого алынат.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен подряддык уюмдар менен жыйын өткөрүлүп, долбоорлорду ишке ашыруунун темптери жана курулуш учурунда пайда болгон маселелер талкууланды.

Учурда Жайыл Баатыра, Коммунаров, Льва Толстого, Герцен, Усенбаев, Кожевенная, Можайский көчөлөрүнүн бөлүктөрү жана "Джал", "Восток-5" микрорайондору, ошондой эле "Жениш", "Ак-Босого" менен "Кырк-Кыз" жашыл аймактарындагы жолдор пайдаланууга берилди.

Ошондой эле, Куттубаев, Москва, Көкчетау, Мидин көчөлөрүндө, Манас жана Жибек Жолу проспектеринде, ошондой эле бир катар микрароюндарда тротуарларды тейлөө иштери бүткөрүлдү.

Жыйын учурунда подрядчиктерге контракттын шарттарын бузууга жана кемчиликтерди убагында жоюбагандыгы үчүн санкциялар колдонулушу мүмкүн экендиги эскертилди. Мындан сырткары, ишенимсиз деп табылган компаниялар атайын реестрге киргизилип, мэриянын сатып алууларынан четтетилиши ыктымал.