Бул окуя Бишкек шаарында орун алды. Беш жаштагы баланы жөө өтмөктөн өтүп бара жатканда унаа сүзүп кеткен.

Шашылыш медицина борборунун маалыматына ылайык, жабыркаган бала тез жардам ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер ага мээси чайкалган деген диагноз коюшкан. Медицина кызматкерлери кырсык болгон учурда бала чоң энеси менен болгонун билдиришти.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) окуянын бардык жагдайлары аныкталгандан кийин гана толук маалымат берилерин кабарлады.

Окуя болгон жерден жарыяланган сүрөттөрдө жөө өтмөктүн жанына унаа токтотулганы байкалат. Жол кыймылынын эрежелерине ылайык, жөө өтмөктөн беш метрден аз аралыкта унаа токтотууга тыюу салынат. Бирок, күбөлөрдүн айтымында, бул талап көп учурда аткарылбай келет.