Бишкек электр тармактар ишканасынын маалыматына ылайык, 25 жана 27-июлда борбор калаанын айрым жерлеринде электр энергиясы өчүрүлөт. Бул пландалган тейлөө иштерине байланыштуу. Ошондой эле, Улуттук электр тармактары компаниясы (НЭСК) экстремалдык аба ырайынан жана электр тармактарына болгон жүктүн жогорулашынан улам жөнгө салуучу өчүрүүлөр киргизилгенин билдирди. Мындай чаралар системалык авариялардын алдын алуу жана энергетикалык жабдуулардын иштен чыгышын болтурбоо үчүн зарыл экени белгиленет.
Керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнүн үзгүлтүккө учурашы менен коштолгон жөнгө салуучу иш-чаралар эки саатка чейин созулушу мүмкүн.
25-июль, ишемби
Батыш РЭC
- 09:00-18:00: Бөкөнбаев, Калык Акиев, Үмөталиев, Чокморов, Тимирязев көчөлөрүнүн кесилиштери.
27-июль, дүйшөмбү
Чыгыш РЭC
- 09:30-17:00: Ч. Айтматов проспектиси, 80 (1-7-кире бериштери, 1-7-кабаттар);
- 09:30-17:30: Горький, Анкара, Кийизбаева көчөлөрүнүн кесилиштери;
- 09:30-18:00: Үсөнбаев көчөсү, 37; Шопоков көчөсү, 34 жана 36; Бөкөнбаев көчөсү, 61.
Батыш РЭC
- 09:00-13:00: “Арча-Бешик” конушу;
- 09:00-13:00: “Ынтымак” конушу, Эркин-Тоо, 5, 6, 7, 8, 9, Шералиев, Абдрахманов, Садырбаев көчөлөрү;
- 09:00-17:00: “Арча-Бешик” конушу, Ак-Туз жана Ак-Марал көчөлөрү;
- 09:00-17:00: “Ак-Өргө” конушу, Алыкулов көчөсү;
- 09:00-17:00: Үмөталиев көчөсү, 27.



