Талас шаарында жаңы борбордук парк 165 миллион сомдук бюджеттин эсебинен курулуп, расмий ачылышы болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Парктын аймагында заманбап аттракциондор орнотулуп, жашыл зона түзүлгөн, ошондой эле аллеялар жарык менен камсыздалган. Мунун бардыгы шаар калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоону максат кылат.

Адылбек Касымалиев Талас шаарын өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан жалпы 6,5 миллиард сом бөлүнгөнүн эске салды. Учурда шаарда билим берүү, саламаттык сактоо, спорт жана инфраструктурага байланыштуу социалдык объекттер курулуп жатат.

  • Талас шаарында 5 311 орундуу стадион курулууда
  • Талас облустук көп профилдүү институтунун жаңы имаратынын курулушу жүрүүдө
  • Президенттин «Акылман» лицейинин курулушу жүрүп жатат
  • К.Нуржанов атындагы аллея реконструкцияланып жатат