Курулуш Махатма Ганди көчөсүнөн Алышев көчөсүнө чейинки аралыкта жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашыруу Ленин районундагы жол тармагын жаңылоого жана шаардыктардын жүрүүсү үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, инфраструктураны модернизациялоо жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу транспорттук чөйрөнү түзүүгө багытталган. Жол каттамын куруу иштерин «Су-4 Кара-Балта» ЖЧКсы аткарды.