Курулуш мурунку балдар аянтчасынын ордунда жүрүп жатат. Долбоор жергиликтүү тургундардын, өзгөчө жаштардын жана балдардын бош убактысын өткөрүүсү үчүн кошумча мейкиндик болгон көп функционалдуу эс алуу зонасын түзүүнү караштырат.
Бишкек мэриясынын пресс-кызматынын маалыматына ылайык, жаңы сквердин курамына активдүү эс алуу жана спорт үчүн объекттер кирет.
- балдар оюн аянтчасы
- спорт менен машыгуу үчүн воркаут-зона
- мини-футбол үчүн аянтча
Объекттеги иштерди Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аткарууда.





















