23-ноябрда саат 8:30дө Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жол кырсыгы болду. Сухэ-Батор жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине жакын Калы Молдобасанов көчөсүндө BYD Song Plus моделиндеги кроссовер жолдон чыгып, кургак обводной каналга кулап кеткен.
УПСМдин билдирүүсүнө ылайык, кырсык учурунда кроссовер алдын ала токтоп турган Subaru Legacy унаасына кагылып, андан соң каналга түшүп кеткен. Унаанын айдоочусу BYD Song Plus моделинде тормоздук система иштебей калганын айткан.
Окуянын натыйжасында эч ким жабырланган жок. Кроссоверди каналдан чыгарып алуу үчүн кошумча аракеттер талап кылынган.








