Кыргызстандын төрт устасы үч айга созулган резиденциялык программаны Түштүк Кореяда ийгиликтүү бүтүштү. Бул демилге маданий туризмди өнүктүрүүгө жана салттуу кол өнөрчүлүк продукцияларын санариптик маркетинг аркылуу башкаларга жайылтууга багытталган.
Программа 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы кызматташтык алкагында ишке ашырылып жатат. Анын жүрүшүндө катышуучулар замандын талабына ылайык келген техникаларды жана жасалгалоо ыкмаларын үйрөнүштү.
Апрелде өткөрүлгөн тандоо сынагынан ийгиликтүү өткөн төрт устанын ар бири Чхонджу жана башка шаарлардагы атайын мастер-класстарга, семинарларга катышып, ремеслениенин жаңы технологияларын өздөштүрүштү.
Программа алкагында катышуучулар музейлерге, кол өнөрчүлүк борборлорго жана маданий мекемелерге барып, эл аралык тажрыйба менен таанышып, кесиптик байланыстарын кеңейтти.
Аягында ар бир усталар өз ишин көрсөтүп, резиденция учурунда алган билимдерин жана тажрыйбаларын колдонуу менен чыгармачылык жыйынтыгын сунушташты. Айрыкча, алар чыгарган эмгектерде салттуу элементтерге өзгөчө көңүл бурулду.











