Комуз өнөрүнө жаңы дем берүү жана улуттук музыкалык мурасты өнүктүрүү үчүн өткөрүлгөн «Жаңы күүлөр» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Сынакка катышкан аткаруучулар мурда жарыяланбаган, өз алдынча автордук чыгармаларын тартуулашты.}}{ ype heb
Эмилбек Ишенбек уулу Гран-при сыйлыгына татыктуу болуп, 150 миң сом алды. Андан кийинки орундарды башка таланттуу комузчулар ээледи. Төмөндө жеңүүчүлөрдүн акчалай сыйлыктарынын өлчөмү көрсөтүлгөн.
Сыйлыктардын суммасы
Биринчи орунду Зайнидин Иманалиев ээлесе, экинчи орунду Бек Алагушов менен Элеман Каныбеков бөлүштү. Үчүнчү орунга Рысбек Жунушев жана Эрбол Абдраимов татыктуу болду. Ошондой эле Бейшенбек Сыдыков менен Рысбек Жунушевге кызыктыруучу сыйлыктар берилди.
Иш-чара учурунда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышты. Ал эми маданият, искусство жана кино тармагында өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошкон кызматкерлерге министрликтин Ардак грамоталары жана «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгилери тапшырылды.




















