2024-жылдын 24-ноябрында Бишкекте «Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстер: 2022-жылдагы калк жана турак-жай фондунун санап билүүсү боюнча жыйынтыктар» аттуу монография тааныштырылды. Бул изилдөө өлкөдөгү калктын ички жана тышкы миграциясын, анын демографиялык жана социалдык-экономикалык таасирлерин талдоого багытталган.

Иш-чара «Карыган адамдар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси тарабынан БУУнун Калк боюнча фондунун (ЮНФПА) техникалык жана финансылык колдоосу менен уюштурулду. Презентацияга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, эксперттик коомчулук жана жарандык коом представтациялары катышты.

Монография улуттук эксперттердин жумушчу тобу тарабынан даярдалган. Изилдөө иштеринде 1999, 2009 жана 2022-жылдардагы санап билүү маалыматтары, Улуттук статистика комитетинин статистикасы жана башка расмий булактар колдонулган.

Миграция — бул жөн гана калктын жылышынын статистикасы эмес. Сандардын артында адамдардын тагдыры, жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрү, үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугу, билим берүү, социалдык коргоо жана региондордун келечеги турат.
Светлана Баштовенко, «Карыган адамдар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы

«Карыган адамдар үчүн ресурстук борбор» башкармалыгынын төрагасы Светлана Баштовенконун айтымында, миграциялык процесстерди комплекстүү түрдө карап чыгуу өтө маанилүү. Ал миграция, калктын карышы, үй-бүлөлөрдүн түзүмүнүн өзгөрүшү жана социалдык коргоо маселелери бири-бири менен тыгыз байланышта экенин белгиледи.