Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынан келген методисттер үчүн төрт күндүк окуу башталды. Иш-чара 10-августтан 13-августка чейин Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун базасында өтүүдө.

Окутуунун негизги темасы – «Математика жана табигый илимдерди окутуунун жаңы ыкмалары». Даярдыктын алкагында методисттер жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарын, окуу программаларын жана окуу-методикалык комплекстерин, ошондой эле заманбап педагогикалык технологияларды өздөштүрүшөт.

Сабактарды Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын жана «Окуу китеби» мамлекеттик басма үйүнүн өкүлдөрү өткөрүшөт.

Окуу аяктагандан кийин методисттер өз аймактарындагы мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүшөт. Окуу жылынын ичинде аларга үзгүлтүксүз методикалык колдоо көрсөтүлмөкчү.

Буга чейин, 4-августтан 7-августка чейин, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында өлкөнүн түштүк аймактарынын методисттери үчүн ушундай эле төрт күндүк окуу өткөрүлгөн.