7-11-август күндөрү Ош шаарынан 40 мугалим Ысык-Көлдөгү «Август» эс алуу борборунда жайкы эс алууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Жыл бою планда каралган 6-тынчу агым бул болуп, буга чейин Ош шаарынан жалпы 275 мугалим эс алган.
Иш-чара Ош шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан уюштурулган.
Эс алуучуларга ден соолукту чыңдоого, моралдык эс алууга шарт түзүлгөн жана күч топтоо максатында атайын программалар иштелип чыгарылган.
Программага ар кандай оюндар, көңүл ачуучу иш-чаралар киргизилип, билим берүү тармагына тиешелүү суроолор боюнча викторина уюштурулду. Бул мугалимдердин арасында жылуу жана достук атмосфераны жаратууга салым кошту.
Мугалимдер уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришип, мындай иш-чаралардын билим берүү тармагындагы кызматташтыкты жана кесиптештик жылышты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.



