Бишкекте мыйзамсыз дарак кесүүнүн фактысы аныкталды. Бул тууралуу Табиятты коргоо, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Министрликтин алдындагы Бишкек жана Аламүдүн району боюнча экологический жана техникалык көзөмөл кызматы Instagram социалдык тармагындагы маалыматка таянып, Ж. Пудовкин көчөсүндө текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жашылдандыруу мыйзамдарынын бузулганы аныкталып, муниципалдык ишкана «БЗХ»га 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды.