Бишкекте 26-ноябрда «Айтыш» коомдук фондунун 25 жылдыгына, ошондой эле Эшмамбет Байсейит уулунун 160 жылдыгына жана Казыбек Мамбетимин уулунун 125 жылдыгына карата республикалык айтыш болот. Бул тууралуу Мамлекеттик маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде билдиришти.
Айтыштын негизги бөлүгү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат. Ал эми тандоо туру 20-ноябрда саат 12:00дө Улуттук тарых музейинде өтөт.
Иш-чара акындардын импровизация искусствосун өнүктүрүү, алардын чыгармачылык мурасын жайылтуу жана таланттуу аткаруучуларга колдоо көрсөтүү максатында уюштурулуп жатат. Катышуучулар өзүнүн чечендигин, импровизация чеберчилигин жана чыгармачылык потенциалын көрсөтө алышат.
1 500 000 сом сыйлыктар фонду
Айтыштын сыйлыктар фондунун өлчөмү
Сыйлыктар фондунун негизги дем берүүчүсү жеке ишкер Нурбек Кенешов болду. Иш-чарага катышууну каалаган бардык катышуучулар чакырылууда.











