Тон районунда аталган аймактын 90 жылдыгын майрамдоонун алкагында республикалык айтыш өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маданий иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген акындар катышып, кыргыз айтышынын салттарын улантуу менен импровизация, тапкычтык, чечендик өнөр жана чыгармачылык дараметин көрсөтүштү.
Республикалык айтыштын жүрүшүндө акындар элдин тарыхы, улуттук баалуулуктар, салт-санаалар, Ата Мекенге болгон сүйүү, ошондой эле коомдун актуалдуу маселелери сыяктуу темаларды импровизациялык формада козгошту.
Айтыштын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түздү.
Жеңүүчүлөр
- Гран-при: Турат Жумаев, Кутман Садыбакасов
- 1-орун: Эсенбек Кийизбаев, Арген Биймырза уулу
- 2-орун: Баян Акматов, Ажыбек Дуйшө уулу
- 3-орун: Жылдызбек Тороканов, Нурсултан Малдыбаев
Бул республикалык айтыш кыргыз импровизация өнөрүн жайылтууга, улуттук маданий мурасты сактоого жана жаш муунга өткөрүп берүүгө, ошондой эле салттуу чыгармачылыкты колдоого багытталган маанилүү маданий иш-чаралардын бири болуп калды.

















