Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 22-июлдан 31-июлга чейин жүргүзүлгөн бул иш-чаранын негизги максаты – коомдук тартипти камсыз кылуу.
Андан сырткары, сойкулукка жана аны уюштурууга байланышкан укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу, ошондой эле мындай мыйзамсыз аракеттер жүргүзүлүшү мүмкүн болгон батирлерди, мейманканаларды жана башка объектилерди текшерүү да максат кылынган.
Рейддин алгачкы жыйынтыктары
Иш-чаранын алгачкы эки күнүндө Ленин райондук ички иштер башкармалыгына 30 жаран жеткирилген. Алардын онуна карата Укук бузуулар кодексинин 109-2-беренеси («Сойкулук менен алектенүү») боюнча протоколдор түзүлгөн.
Чогултулган материалдар кароо үчүн сотко жөнөтүлөрү айтылды. Милициянын маалыматына ылайык, бул профилактикалык иш-чаралар 31-июлга чейин улантылат.




