Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, Тоголок Молдо көчөсүндө кыймылдын чектелиши жылуулук түйүндөрүн реконструкциялоо иштери менен байланыштуу. Бул иштер 2026-2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында жүргүзүлүүдө.
Аткарылып жаткан иштер шаарды жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана алдыдагы жылытуу мезгилин туруктуу өткөрүүгө багытталган.
Автобустардын кыймыл схемаларындагы өзгөрүүлөр оңдоо иштери жүргүзүлгөн мезгил аралыгында убактылуу болору белгиленди.








