Бишкекте 24-июлдан баштап Васильев трактысын реконструкциялоонун алтынчы этабы башталат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди. Оңдоо иштери Комсомол айылына бурулуштан Фучик көчөсүнө чейинки бөлүктө жүргүзүлөт.
Жумуштардын жүрүшүндө жолдун бир тарабы гана оңдолот. Транспорттун кыймылы эки тарапка тең сакталып, карама-каршы тилке аркылуу уюштурулат. Көчөнү толугу менен жабуу пландалган эмес.
Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти айдоочулардан жол белгилеринин талаптарын сактоону, оңдоо иштери жүргүзүлүүчү аймакта этият болууну жана маршруттарын алдын ала пландаштырууну өтүнөт.



