Кыргызстанда иш алып барган туроператорлорду жана авиабилеттерди саткан ортомчуларды каттоодон өткөрүү сунушталууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ведомствонун маалыматы боюнча, республикадагы авиаташууларды сатуу рыногу азыркы учурда жарандык авиация тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан кошумча мониторингди жана системалаштырууну талап кылат.

Жүргүнчүлөрдү адаштыруу учурлары

Жүргүнчүлөрдү тарифтерди колдонуу эрежелери, жашыруун төлөмдөр жөнүндө жалган маалымат берүү, ошондой эле жарандардын социалдык аялуу катмарларын тейлөөдө авиациялык эрежелердин талаптарын бузуу фактылары көп кездешет.

Ушуга байланыштуу, мамлекеттик агенттик авиабилеттерди брондоо жана сатуу менен алектенген юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди 11 айлык мөөнөткө каттоону пилоттук долбоор катары киргизүүнү сунуштайт.

Максаты жана күтүлүүчү натыйжалар

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин пикири боюнча, бул чара авиабилеттерди брондоо жана сатуу менен алектенген субъекттердин ишин өркүндөтүүгө, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнө так маалымат берүүнү камсыздоого, ошондой эле алардын укуктарын коргоого алып келет.

Пилоттук долбоордун негизги максаты — ак ниетсиз ортомчулукту жокко чыгаруу жана маалымат коопсуздугун камсыздоо үчүн субъекттерди авторизациялоо механизмин киргизүү.