Кыргызстандык саякатчы Насирдин Омуралиев жана анын жолдошу Марко Фантелло Европадан узакка созулган велосаякаттан кийин Бишкекке келишти. Салтанаттуу жолугушуу шаардын борбордук Ала-Тоо аянтында өттү. Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, иш-чарага мэрдин орун басары Рахат Мусаева, муниципалитеттин профилдик департаменттеринин өкүлдөрү жана «Жеңиш» СДЮШОРдун велоспорт бөлүмүнүн тарбиялануучулары катышты.

Саякатчылардын маршруту Европа өлкөлөрү аркылуу өтүп, Польшадан башталган. Саякат учурунда Азербайжандын Алят портунда Насирдин Омуралиев Италиянын жараны Марко Фантелло менен таанышып, андан кийин алар жолду бирге улантууну чечишкен.

Саякаттын жолдошу

64жаш
1Италиянын жараны

Омуралиевдин айтымында, саякаттын негизги милдети — ата-бабалардын тарыхый маршруттары менен өтүү, Кыргызстандын мурасын жайылтуу жана дүйнөлүк коомчулукту өлкөнүн маданияты жана тарыхы менен тааныштыруу болгон.

Сиздердин маршруттарыңыздардын аякташы Бишкек шаарында, борбордук Ала-Тоо аянтында болуп жатканы өзгөчө символикалуу. Биздин борборбуз ар дайым коноктор, эл аралык достук жана кызматташтык үчүн ачык. Насирдин менен Марконун биргелешкен саякаты спорт жаштан жана улуттан карабастан адамдарды бириктирерин дагы бир жолу далилдейт
Рахат Мусаева, Бишкек мэринин орун басары

Жолугушуунун аягында саякатчыларга эскертмелик белектер, ыраазычылык каттар берилип, улуттук ак калпактар кийгизилип берилди.