10-ноябрда саат 11:00дө Бишкекте «Венгрия Парламенти» көргөзмөсү ачылат. Иш-чара М. В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинин базасында өтөт, деп билдирет музейдин пресс-кызматы.
Көргөзмө борбордун тургундары жана коноктору менен Венгриянын негизги символдорунун бири болгон имараттын тарыхы жана архитектурасы менен тааныштырат. Ал ошондой эле Кыргызстан менен Венгриянын маданият жана музей иши чөйрөсүндөгү кызматташтыгын улантат
Экспозиция КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, ошондой эле Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду. Долбоор Будапешттин эң таанымал кооз жерлеринин бири болгон архитектуралык мурасты көрсөтүүгө багытталган.
Лайош Кошут атындагы аянтчада жайгашкан Венгрия парламентинин имараты дүйнөдөгү эң ири өкмөттүк имараттардын бири болуп саналат. Неоготика стилинде курулган бул имарат сырткы көрүнүшү боюнча Вестминстер сарайы менен салыштырылат жана Буда менен Пештин биримдигин символдоштурурат.













