Будапешттин борборунда «Бизди бириктирген тамак» фото көргөзмөсү өтүп, анда Кыргызстандын аш-той салттары жана улуттук ашканасы тааныштырылды. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) билдирди.
Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата кампаниянын алкагында уюштурулган экспозиция эл аралык көрүүчүлөргө аймактын азык-түлүк түрлөрүнүн жана аш-той салттарынын ар түрдүүлүгүн көрсөтүүгө багытталган.
Көргөзмөнүн башкы багыты: сактоо жана инновациялар
Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр жергиликтүү жамааттардын туруктуу келечек үчүн инновациялык ыкмаларды киргизүү менен бирге улуттук тамактануу салттарын сактоо боюнча иштеп жаткандыгы тууралуу окуялар менен коштолгон.
















