11-август күнү саат 18:40 чамасында Бишкек шаарында Volkswagen Passat унаасынын двигателинин бөлүгү өрттөндү. Өрттү унаанын жанында жүргөн адамдар арыктан суу алып өчүрүштү.

Окуя Калыка Акиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, "Весна" соода борборунун жанында болгон. Өрттөн улам унаанын капоту ачылып, калың түтүн чыккан.

Ал учурда окуя жеринде милициянын патруль автоунаасы да болду. Учурда өрттүн чыгуусуна себептер такталууда. Жаракат алган адамдар тууралуу маалымат жок.