Кыргызстандын президенттик администрациясында эл аралык «Эл умуту» аттуу стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Комиссиянын отурумуна өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Улан Мамытканов төрагалык кылды.

«Эл умуту» стипендиясы таланттуу жаштарды колдоого багытталган жана аларга магистратура жана докторлук (PhD) билим алуу үчүн дүйнөнүн эң мыкты университеттеринде окууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул университеттер QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингинде алдыңкы 100гө кирген окуу жайлар болуп эсептелет.