Бишкектеги «Эне Үйү» ресурстук борборунда жаш энелерди кесипкөй окутуу үчүн тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Аталган окуя 19-ноябрь күнү, Эл аралык аялдар ишкердиги күнүнө карата ишке ашты. Борборго Эмгек министрлигинин орун басары Аида Исатбек кызы жана Кыргызстандагы «ООН-Аялдар» түзүмүнүн жетекчиси Сайед Садик келди.
Коноктор борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, жаңы төрөлгөн наристелери менен жашаган энелердин жашоо шарттарын карашты. Ошондой эле социалдык, психологиялык жана укуктук колдоо программалары боюнча маалымат алышты.
Тигүү цехинин негизги максаты — жаш энелерге рынокто талап кылынган көндүмдөрдү үйрөтүү. Бул алардын келечекте жумушка орношуусуна жана өз алдынча киреше табуусуна шарт түзөт.
Төлөмдөр жана колдоо маселелерине байланыштуу жолугушуунун катышуучулары кыйынчылыкка туш болгон аялдарды колдоо механизмдерин кеңейтүү, үй-бүлөлөрдү чыңдоо жана социалдык жетимдикти алдын алуу маселелерин талкуулашты.







