Кыргызстанда аялдар башкарган бизнес-долбоорлорду колдоонун негизги багыттары аныкталды. Тараптар санариптик технологияларды киргизүүгө, инвестицияларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана жаңы сатуу рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө басым жасашат.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду Экономика министринин орун басары Беназир Нурланова жана «БУУ-аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик кол койду. Документ Бүткүл дүйнөлүк аялдардын ишкердиги күнүнө карата өтүүчү иш-чаралардын алдында түзүлгөн.
Жетишилген макулдашууларга ылайык, коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө басым жасалат. Тактап айтканда, финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана бизнести колдоо боюнча кызматтарды өнүктүрүү пландалууда.
«БУУ-аялдар» — бул түзүм Кыргызстандын аймагында 2012-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.













