Бишкек шаарында эки жабык теннис комплексин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) программасынын алкагында реконструкциялоо үчүн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Сынактын жыйынтыгында, 4-кичи район, 14/2 дарегинде жайгашкан объектини реконструкциялоо үчүн ЖЧК «Прайм Корт» компаниясы тандалып алынды. Ал эми Тоголок Молдо көчөсү, 17а дарегиндеги комплекстин жеңүүчүсү ЖЧК «Октопус Интернешнл» болду.
Долбоорлор спорттук объектилерди оңдоп-түзөөнү жана жеңил конструкцияларды курууну караштырат. Иштер аяктагандан кийин шаарда заманбап жабык теннис комплекстери пайда болуп, алар жыл бою иштей алат деп күтүлүүдө. Мэриянын маалыматы боюнча, бул машыгуу үчүн шарттарды жакшыртып, массалык жана кесипкөй теннистин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Сынак Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти тарабынан Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте уюштурулган.


