Чүй облусунун Искра айылында «Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүнүн келечеги» программасын тааныштыруу максатында талаада презентация уюштурулду. Иш-чара азык-түлүк коопсуздугу, сапаттуу уруктук материал жана топурактын түшүмдүүлүгүнүн сакталышы темаларына арналды.

Иш-чарага Сууларды пайдалануу, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөр өндүрүшү жана бакчачылык башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов, Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана бакчачылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетoв, агрардык бөлүмдүн адистери, өнөктөш компаниялардын өкүлдөрү, фермерлер жана эксперттер катышты.

Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн өнөр жайлуу уруктук чарбанын өнүгүүсү, заманбап технологияларды киргизүү жана мамлекеттик менен жеке секторлордун өз ара аракеттешүүсүн бекемдөө маанилүү.
— Бакыт Мамбетoв

Презентацияда агрардык сектор үчүн заманбап чечимдер жана айыл чарбасындагы учурдагы койгон маселелер менен эффективдүү ыкмалар тууралуу айтылды. Уруктук материалды сыноо, уруктардын жакшы сапатын аныктоо, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн абалын баалоо үчүн санариптик сканерлөө ыкмалары көрсөтүлдү.