Чүй облусунда жаңы заманбап питомниктин пайдубалын түшүрүү аземи өттү. КР Жаратылыш ресурстары министрлигинин билдирүүсүнчө, долбоор улуттук питомниктер системасынын потенциалын жогорулатуу жана жергиликтүү климаттык шарттарды эске алуу менен токойлорду калыбына келтирүү боюнча демилгенин алкагында ишке ашырылууда.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын жана Корея Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн бириктирди. Тараптар токой тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн стратегиялык маселелерин, анын ичинде кесипкөй тажрыйба алмашууну жана токой экосистемаларын калыбына келтирүү процессине инновациялык ыкмаларды киргизүүнү талкуулашты.
Жаңы объекттин негизги милдеттери жогорку сапаттагы отургузуучу материалдарды өстүрүү жана өлкөдө токойлорду туруктуу калыбына келтирүүнү камсыз кылуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү болот.
Салтанаттуу аземдин алкагында катышуучулар бак-дарактарды отургузушту, ал эми келечектеги курулуштун пайдубалына эки мамлекеттин ортосундагы өнөктөштүктү билдирген капсула түшүрүлдү.








