Бишкек шаарында өтүп жаткан медиа жана аналитикалык борборлордун форуму ШКУ саммитине даярдыктардын алкагында маалыматтык жана илимий кызматташтыкты чыңдоого багытталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине эл аралык баяндамачы Исмаил Даиров билдирди.
Даировдун сөзүнө ылайык, ШКУ азыркы учурда дүйнөлүк аренада барган сайын маанилүү геосаясий ролду ойноп жатат. Уюмдун таасири өсүп, мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда.
Ал ШКУнун акыркы 25 жыл ичинде кабыл алган максаттары, принциптери жана милдеттери практикалык деңгээлде ишке ашырылышы керектигин белгиледи. Бул багытта ЖМК жана аналитикалык борборлор олуттуу иштерди жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, Даиров дүйнөдөгү азыркы геосаясий абалга токтолуп, айрым аймактардагы жаңжалдар глобалдык туруксуздукту күчөтүп жатканын айтты.









