Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмунун 25 жылдыгында төрагалык кылып жаткандыктан, бул өлкө үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик гана эмес, ошондой эле ШКУнун негизги принциптери менен баалуулуктарын өнүктүрүүгө жаңы дем берүү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Бул тууралуу КНИА «Кабар» агенттигинин директору Медербек Шерметалиев ШКУнун ММК жана аналитикалык борборлорунун 2026-жылкы форумунун ачылышында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Бүгүнкү жолугушуу биздин төрагалыгыбыздын алкагындагы маанилүү иш-чаралардын бири. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө жана өнөктөш 26 мамлекеттен келген 250гө жакын өкүлдүн форумга катышуусу биздин маалыматтык, аналитикалык жана гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон жалпы умтулуубуздун ачык далили болуп саналат. Ушул форум жаңы идеяларды иштеп чыгуу, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп, бүткүл регионубуздун туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот деп ишенем.
Медербек Шерметалиев

Форумга катышуучулар

≈250өкүл