Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 300 миңге жакын адам сууга чөгөт. Бул кырсыктар беш жаштан 14 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн негизги он себебинин бири болуп саналат.
Сууга чөгүү статистикасы
Уюм климаттын өзгөрүшү көйгөйдү курчутуп жатканын белгилейт. Суу ташкындары, бороондор жана катуу ысык мезгилдер барган сайын тез-тез болуп, сууга байланыштуу кырсыктардын коркунучун жогорулатууда.
Мисалы, Улуу Британияда жүргүзүлгөн изилдөө абанын температурасы бир градуска жогорулаганда сууга байланыштуу өлүмдөрдүн саны 7,2%га өскөнүн көрсөттү. Температура 25 градустан ашкан күндөрү сууга чөгүү коркунучу 10 градустан төмөн температурага караганда дээрлик беш эсе жогору болот.







