ӨКМ кызматкерлери Ысык-Көлдүн жээгинде суудагы кырсыктардын алдын алуу максатында күн сайын профилактикалык иш-чараларды өткөрүп жатканын ведомстводон билдиришти.

Туристтик сезондун кызуу мезгилинде куткаруучулар Ысык-Көл облусунун бардык райондорунда иш алып барып, пляждарды жана эл көп чогулган жерлерди кыдырышууда. Алар эс алуучулар, туристтер жана аймактын коноктору менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сууда коопсуз жүрүү эрежелерин эске салышат.

Жарандарга төмөнкү эрежелерди сактоо сунушталат:

  • буюлардан ашпоо
  • балдарды кароосуз калтырбоо
  • мастык абалында сууга түшпөө
  • сапборддорду, катерлерди, гидроциклдерди жана башка сууда сүзүүчү каражаттарды колдонууда сактык чараларын сактоо

Куткаруучулар өзгөчө көңүлдү сөзсүз түрдө куткаруучу жилеттерди колдонууга бурушат.

Мындан тышкары, ӨКМ кызматкерлери суу техникасын ижарага берүүчү жайлардын ээлери жана кызматкерлери менен профилактикалык баарлашууларды өткөрүп жатышат. Аларга төмөнкүлөрдү эскертишет:

  • ар бир кардарга куткаруучу жилет берүү
  • сууга чыгуунун алдында коопсуздук техникасы боюнча нускама өткөрүү
  • коопсуздук талаптарын бузган адамдарды сууда сүзүүчү каражаттарды пайдаланууга жол бербөө

Рейддердин негизги максаты – коопсуз эс алуу маданиятын жогорулатуу, суудагы кырсыктардын алдын алуу, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо.

Ведомство өлкөнүн жашоочуларын жана конокторун өздөрүнүн коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, сууда жүрүү эрежелерин сактоого жана куткаруучулардын сунуштарын аткарууга чакырды.