Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата быйылкы салтанаттуу иш-чаралар 31-августта эмес, 11-12-сентябрда өткөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады. Негизги майрамдык иш-чаралардын өтүүчү жери Талас облусу болот.
Майрамдык датанын жылдырылышына августтун аягында жана сентябрдын башында республикада өтө турган ири эл аралык иш-чаралар себеп болгон. Атап айтканда, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Бул иш-чараларга 20дан ашык мамлекеттин лидерлеринин келиши күтүлүүдө. Ошондой эле, 31-август күнү Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөрүлөт.
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Анда жергиликтүү бийлик органдарына майрамдык иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.



