Баланын өз алдынча жана көз карандысыз болуу жөндөмдөрүн калыптандыруу үчүн жөн гана түшүндүрүү же насаат айтуу жетишсиз экенин белгилеген эксперт Эльмира Каримова, ата-энелердин кээ бир аракеттери бул процессти тоскоол кылышы мүмкүн экенин айтты. Каримованын маалыматы боюнча, чоңдор бала өзү кылган ишине кийлигишип, анын ордуна жасап койгондо, баланын жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүсү кечигип калат.

Бүгүнкү күндө канчалык болбосун, өзүнүн пуготун беките албаган бала 20 жылдан кийин да бул нерсени үйрөнө албай калышы мүмкүн. Бул жерде машыгуу керек.
Эльмира Каримова

Эксперт баланын жаш өзгөчөлүгүнө жараша анын өз алдынча аткара турган иштерин көрсөтүп берди:

2 жаштагы баланын мүмкүнчүлүктөрү

жаштагы бала
2
алат
суу куюп
келе алат
чыны алып
бере алат
стол жайып

Ал эми төрт жашар балдар өзүнө өзү кийинүүгө жана жаш өзгөчөлүгүнө жараша өзүн тейлөөгө жөндөмдүү экенин белгиледи. Ошондой эле, ата-энелерге баланын каталарын дароо оңдоп жатпаганга чакырды. Мисалы, эгер бала төшөгүн туура эмес жыйнаса, эне аны дароо кайра жасап койсо, бала өзүнүн иши ийгиликсиз болду деген жыйынтыкка келиши мүмкүн.

Эльмира Каримованын айтымында, эгер чоңдор балдардын жанында болуп, бирок алардын өз алдынчалыгын өнүктүрүүгө тоскоол болбосо, анда бул маанилүү көндүмдөр сөзсүз түрдө калыптанат.