10-августта Бишкекте экономика илимдеринин доктору, профессор Гүрас Жапаров Биринчи радионун түз эфиринде учурда логистика дүйнөдөгү эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири экендигин билдирди. Анын пикиринде, бул маселе Кыргызстан үчүн да, Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер үчүн да курч бойдон калууда.

Профессордун айтымында, өзгөчө күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү логистикасында оор кырдаал түзүлдү.

«Логистика көйгөйү Кыргызстан үчүн гана эмес, ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттер үчүн курч бойдон калууда. Бул багытта стратегиялык чечимдерди кабыл алуу зарыл. Жакынкы арада көтөрүлгөн маселелер өкмөттөр деңгээлинде чечилиши керек деп эсептейм. ЕАЭБдин алкагында отун жана инвестиция боюнча негизги соода мамилелерибиз Орусия жана Казакстан менен жүргүзүлөт»