Садыр Жапаров журналист Али Токтакунов менен болгон маегинде Россиянын президенти Владимир Путин менен 40 мүнөттөр жакын сүйлөшүп, башында бири-бирин ынандырууда кыйынчылык болгонун айтты. Бирок акырында долбоордун маанисин түшүндүрүп, колдоосун алган.

Жапаровдун айтымында, бул темир жол долбоору Кытай, Россия жана АКШ сыяктуу ири дүйнөлүк күчтөрдүн өз ара кызыкчылыгына байланыштуу, алар бири-бирин четке сала албайт.

Президент эмгекчил элге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет деп эсептейт жана темир жол чын эле ачылып кала турган болсо, өлкөгө пайдалуу болооруна ишенет.

Ранее по темеСадыр Жапаров: Мамлекет күйүүчү май баасын туруктуу кармоо үчүн субсидия берет

Темир жолду ишке ашырууда кээ бир күчтөр, мисалы, блогерлер тарабынан каршылыктар болушу мүмкүн экенин, бирок долбоор талыкпай улантылышы керектигин кошумчалады.

Жапаров бул темир жолду жөн гана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан каттамы эмес, Жаңы Улуу Жибек жолу деп жарыялап, аны миңдеген жылдар бою колдонууга татыктуу мегадолбоор деп баалады.

Экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, темир жол инфраструктурасынын өнүгүшү экономиканын өсүшүн шарттайт жана Кыргызстандагы экспортчулар үчүн логистиканы арзандатат.

Ал автожол менен салыштырганда темир жолдун ташуу чыгымы 14-15 эсе арзаныраак экенин белгилеп, бул экономикалык өнүгүү үчүн олуттуу артыкчылык экенин айтты.

Ошентип, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу аймактагы жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу жана узак мөөнөттүү пайда алып келүүчү долбоор катары каралат.