Эльмурза Сатыбалдиев Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президенттигине кайра шайланды. Бул тууралуу жакында өткөн отчеттук-шайлоо конференциясында чечим кабыл алынды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сатыбалдиев федерациянын башчылыгына бирден-бир талапкер катары көрсөтүлүп, бардык делегаттар тарабынан бир добуштан колдоого алынды. Бул анын уюмду жетектеп жаткан төртүнчү мөөнөтү болуп саналат.
Эльмурза Сатыбалдиев Волейбол федерациясынын президенттигине биринчи жолу 2009-жылы шайланган.




