Айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору Бишкек — Ош унаа жолунун 205-чакырымындагы Суусамыр өрөөнүндө болгон жол кырсыгынан улам жерге төгүлгөн мазут боюнча иликтөө жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, мазут ташыган жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылып оодарылып кеткени аныкталды. Натыйжада жерге болжол менен 4-5 тонна мазут төгүлгөн.

Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, бул факты боюнча күнөөлүү адамга 20 миң сом административдик айып пул салынды. Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көзөмөл иш-чараларын улантууда.