Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Минск шаарынын Жеңиш аянтындагы Жеңиш монументине гүлчамбар койду. Бул иш анын Беларусь Республикасына жасаган жумуш сапарынын алкагында ишке ашырылды, деп билдирди Министрлер Кабинети.

Кыргыз делегациясын баштаган министр Беларусьдагы иш сапарынын программасында бир катар маанилүү иштерди аткарат. Анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына жана биринчи кыргыз-беларусь аймактар аралык форумунун ачылышына катышуу каралган.

Мындан тышкары, Эрлист Акунбеков бир катар өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып, компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.