Президент Жапаров менен министр Рыженков ортосундагы сүйлөшүүлөр болуп өттү. Анда тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Жолугушуу учурунда Беларусь президенти Александр Лукашенконун ШОС саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышына катышуусунун мааниси белгиленди.