9–10-ноябрда Минскте Беларусь менен Кыргызстандын региондорунун I форуму өтүүдө. Иш-чарага мэрдин орун басары Масуда Айдарбекованын жетекчилиги астында Ош мэриясынын делегациясы катышууда.

Шаардык мэриядан билдирилгендей, форумдун биринчи күнүнүн программасына Гомельге сапар кирген. Ал жерде Гомель шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Константин Исаченко менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Ишкердик сапардын алкагында Оштун өкүлдөрү билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин иши менен таанышты. Ошондой эле делегация «Спартак» кондитердик фабрикасына барып, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жана учурдагы ишмердүүлүгүн изилдеди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Масуда Айдарбекова Гомельдин өнөр жай жана экономикалык потенциалын белгиледи. Кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде түз ишкердик байланыштарды түзүүгө, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экени баса белгиленди.