VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Биримдик кербени» 25-июлда Баткен облусунун Раззаков шаарынан башталган. Соңку учурларда кербен Ош облусуна кирип, Кызыл-Кыя шаарында салтанаттуу тосулду.
Кербендин катышуучулары — Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунан келген 30 атчан адам. Баткен облусу чек арасында аларды президенттин полномочиялуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Кадамжай районунун акими Болот Баяке уулу, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бакытбек Кошалиев жана башка расмий өкүлдөр узатышты.




































