Кыргызстан Германияга түз авиациялык каттамдарды ишке ашыруу максатында чет элдик авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Берлинге учуу боюнча макулдашуу алдын ала кол коюлган. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын башкаруучу кеңешинин төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Берлин аэропорту бизге слотторду берди, каттамды ачуу боюнча макулдашууну кол койдук. Азыр чет элдик ташуучулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, анткени биздин авиакомпанияларда Европага учууга мүмкүнчүлүгү бар учактар азырынча жок.
Манасбек Самидиновдун айтымында, келечектеги каттамдар жумасына эки-үч жолу ишке ашырылат. Бул маселе боюнча мурда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Данияр Бостонов Берлинге жана Франкфурт-на-Майнеге каттамдар 2027-жылдын аягынан эрте ачылбай турганын белгилеген.














