Кыргызстан эл аралык авиациялык каттамдарды олуттуу кеңейтүүнү пландап жатат. 2027-жылдын жазына чейин өлкө Европанын шаарларына беш түз рейс ишке киргизүүнү көздөйт, деп билдирди Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов «Кабар» агенттигине берген маегинде.