Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунда тери оорулары менен жабыркаган бейтаптар үчүн маанилүү болгон «Терад 200» аппараты иштебей жатат. Бул жагдай боюнча бейтаптар нааразычылык билдиришкен. Борбордун директору Бахадыр Бебезов техникалык мүчүлүштүктөрдү тастыктады.

Оңдоо иштеринин кечигүү себеби — өндүрүүчү заводдун өкүлдөрүнүн Кыргызстанда жоктугунда. Тендердин жыйынтыгы боюнча, 17-ноябрда жеткирүүчү аныкталган. Азыркы учурда келишим түзүлүүдө, ал эми керектүү тетиктер келишимге кол коюлгандан кийин 4-5 жума ичинде келет деп күтүлүүдө.

Биз процессти тездетүүнү сурандык. Келерки жылы бул аппаратты техникалык тейлөө боюнча келишим түзүүнү пландап жатабыз.
Бахадыр Бебезов, борбордун директору

Ошондой эле, борбордогу дагы бир линейный ускоритель бир жума мурун иштебей калган. Бирок, азыркы учурда диагностика жүргүзүлүп, мүчүлүштүктөр жоюлду. Бул аппарат эртең кайра ишке киргизилет деп билдирилет.

Борбордогу медициналык жабдыктардын тизмеси

  • «Бабатрон II» (2017-ж.) — гамма-терапия аппараты;
  • Эки линейный ускоритель (2021-ж.);
  • «Терад 200» (2019-ж.) — рентгенотерапия үчүн;
  • «АГАТ-ВТ» (2016-ж.) — брахитерапия үчүн;
  • «Флекситрон-1» жана «Флекситрон-2» (2022-ж.) — брахитерапия үчүн