Манас шаарында тоолуу аймактардагы автомобиль жолдорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чара 23-июлда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин билдирүүсү боюнча, тоолуу автомобиль жолдору боюнча Жол куруучулар аралык кеңешинин IX Эл аралык автожүрүшүнүн алкагында уюштурулган.

Конференцияга ар кайсы өлкөлөрдөн келген академиктер, эл аралык эксперттер, жол тармагынын адистери, жол эксплуатациялоо башкармалыктарынын жетекчилери жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тоолуу аймактардагы автомобиль жолдорун өнүктүрүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, заманбап технологияларды колдонуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелери боюнча тажрыйба алмашышты.

Эксперттер өз сунуштарын берип, практикалык иштелмелери менен бөлүшүштү. Ошондой эле конференциянын алкагында суроо-жооп форматында мазмундуу талкуу болду.

Уюштуруучулар мындай конференцияларды өткөрүү жол тармагында жаңы ыкмаларды жайылтууга, эл аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана инфраструктураны мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.