QazETA системасынын негизги принциптери

2026-жылдын 25-августунан тарта Казакстанда чет өлкөлүктөр үчүн электрондук кирүүгө уруксат берүүчү QazETA системасы күчүнө кирет. Бул система аркылуу арызды чек арадан өтүүгө 72 саат калганда мобилдик тиркеме аркылуу берүү зарыл. Берилген уруксат 180 күн бою жарактуу болот, бирок өлкөдө болуу мөөнөтү Казакстандын жалпы миграциялык эрежелерине ылайык жөнгө салынат.

Учурда QazETA системасы пилоттук режимде акысыз иштеп жатат. Казакстандын бийликтери келечекте "стандарт" (10 АКШ доллары) жана тездетилген "экспресс" сыяктуу акы төлөнүүчү опцияларды киргизүүнү пландаштырууда. Бирок, электрондук уруксат чек арадан өтүүгө кепилдик бербейт, акыркы чечимди ар дайым чек ара көзөмөлүнүн кызматкери кабыл алат.

Кыргыз жарандарына таасири жана келечектеги өзгөрүүлөр

QazETA системасы азыркы учурда сунуш мүнөзүндө гана иштеп жатат. Казакстандын расмий органдарынын билдирүүлөрүндө, бул этапта QazETAны тариздөө милдеттүү эмес. Жаңы киргизилип жаткан мыйзам долбоорлору системанын иштеши үчүн мыйзамдык негиз түзөт. Келечекте электрондук уруксатты айрым мамлекеттердин жарандары үчүн милдеттүү кылуу мүмкүн, алардын тизмесин Казакстандын өкмөтү бекитиши керек.

Казакстан бийлиги азырынча QazETAны тариздөө милдеттүү боло турган так күндү же пилоттук долбоордун аяктоо датасын атаган жок. Ошондой эле, Кыргызстандын жарандарын милдеттүү тизмеге кошуу боюнча расмий билдирүүлөр болгон жок. QazETAнын жоктугу өлкөгө кирүүдөн баш тартууга негиз болуп бере алат, бирок бул Казакстандын бийликтери өлкөлөрдүн тизмесин, уруксат берүү тартибин жана башка колдонуу шарттарын аныктагандан кийин гана мүмкүн болот.