«Кадамжай» чек ара бекетинде 2026-жылдын июнь айында санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталбай жаткандыгы аныкталып, бир катар кемчиликтер боюнча эскертүү берилген.
Бирок июнь айынын аягындагы кайталанган текшерүүдө айрым олуттуу мыйзам бузуулар боюнча көйгөйлөр адаттагыдай эле чечилбегени белгиленди.
Мисалы, азык-түлүктү сактоодо температура режими сакталбагандыктан, кыяр менен помидор, сакталган кутучаларда, бузулуп, шишип кеткен.
Мындан тышкары, санитардык норма боюнча даяр тамактардан күнүнө үлгү алуу талап кылынса, бекетте ал арада түзүлбөй келген.
Өзгөчө белгиленгендей, даяр тамактын сапатын көзөмөлдөө үчүн үлгүлөр атайын муздаткычы бар жерде сакталууга тийиш.
Институт Акыйкатчынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, бул мыйзам бузуулар Кыргыз Республикасынын «Коомдук саламаттык жөнүндө» мыйзамынын 57-беренесине каршы келет.
Ошондой эле чек ара бекетинин имаратынын абалы начарлап, оңдоону талап кылаары аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган бекеттин жетекчилигине кемчиликтерди тез арада жоюу жана жооптуу кызматкерлерге чара көрүү тууралуу расмий билдирме берилди.
Продовольстволук кызматтын башчысы, ашпозчу жана чарба бөлүмүнүн командирине сөгүш жарыяланды, чек ара бекетинин башчысына кызматтык жоопкерчиликти толук аткарбаганы үчүн эскерүү берилди.
Мындан тышкары, аскер кызматкерине катуу сөгүш берилген.







