Ошто курулуп жаткан таштандыларды кайра иштетүү жана энергия өндүрүү заводунун курулушу активдүү жүрүп жатат. Азырынча биринчи кабат толук бүткөн жана экинчиси куруп жатат, бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Бул долбоорду Кытайдагы Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест компаниясы ишке ашырууда. Жалпы наркы 8 миллиард 312 миллион сомду түзөт.

Толук кубаттуулукка жеткенде завод күнүнө 800 тоннанын үстүндө таштандыларды кайра иштетүүгө жөндөмдүү болот, жылына 310 миң тоннага чейин иштетүүсү күтүлүүдө.

Завод интеграцияланган технология менен кайра иштетилген таштандылардан электр энергиясын өндүрүп, 30 мегаваттка чейин электр кубатын берет.

Долбоордун шарттарына ылайык, 35 жылдан кийин завод Ош мэриясынын менчигине өтөт. Бүгүнкү күндө объектте 200гө жакын куруучулар эмгектенип жатышат.